Редакцияот 22.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2019-жылдын 22-ноябры № 139/XXII–27

 

01.01.2020 жылдан баштап короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жерлерге, айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жана бакча-огород тилкелерине зоналдык коэфиценттерди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салыктык Кодексинин 338 жана 339-беренелеринин негизинде короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жана айыл чарбасына белгиленбеген жерлерге зоналдык коэффиценттерди бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л Д Ы:

1.  Короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жерлерге, айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жана бакча-огород тилкелерине салык эсеби үчүн К1=1 зоналдык коэффицентти Ак-Кудук айылдык аймагына бекитилсин.

2.  Ак-Кудук айыл өкмөтү ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинде каттатсын.

3.  Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн салык инспектору ушул токтомду колдонмо кылып короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жерлерге, айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жана бакча-огород тилкелерине  жер салыгынын  эсебин жүргүзсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                         

У. Суваналиев