Редакцияот 25.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы

 

2019-жылдын 25-марты № 11

 

Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү  үчүн жергиликтүү бюджеттен айыл  акча каражатын кароо жана  айыл амагындагы калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну убактылуу токтотуу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. 2020-жылдын 31-декабарына чейинки мезгилде  айыл аймагындагы калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын  алмаштыруу токтотолсун.

     2. Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты каралсын.

      3. Эл жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу жана ага кеткен чыгымдардын сметаларын мыйзам чегинде  эсептеп чыгып, иш алып баруу жагы  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

     4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Таши уулу Жетимишке жүктөлсүн.

 

Төрага                                         

 

Ш. Арынов