Редакцияот 25.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

 

2019-жылдын 25-марты № 14

 

Үч-Капчал айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып   Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн    Үч- Капчал айылына бала бакча куруу  үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын  Үч-Капчал  айылына бала бакча  куруу үчүн  жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.Бала бакчанын   имаратын куруу үчүн жер аянтын тактап бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо  жагы  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                         

 

Ш. Арынов