Редакцияот 12.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

 

2019-жылдын 12-июну № 18

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн  азайтуу  жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдын 6 ай ичиндеги киреше бөлүгүнүн Роялти салыгынан  900,0 миң сом  акча каражаты планга чыкпай калгандыгына байланыштуу,аталган акча каражатын  чыгашалардын сметасынан кемитүү  жөнүндө айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Нурдиновдун сунушунун негизинде  Жалпак-Таш айлдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 6 ай ичиндеги киреше бөлүгүнүн Роялти салыгынан 900,0 миң сом акча каражаты планга чыкпай калгандыктан Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 айлык чыгашаларынан төмөндөгү беренесинен кемитилсин;

- турак-жай комуналдык чарбанын 3111 беренесинен - 900,0 сом.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                         

 

Ш. Арынов