Редакцияот 11.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Таш  айыл  кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз  XXVII cессиясы

 

2019-жылдын 11-апрели № 1

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургуну Кармышаков  Улукбектин  2019-жылдын  18-мартындагы № К/3-арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколунун чечиминин негизинде

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш  айылынын  тургуну Кармышаков Улукбектин 2019-жылдын 18-мартындагы № К/3-арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколунун чечимин  карап  чыгып, талкуулап  Кара-Таш  айыл  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш  айылынын тургуну Кармышаков  Улукбектин  2019-жылдын  18-мартындагы № К/3-арызы канааттандырылсын.

2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылындагы аты  жок көчөгө  Кармышаков  Абдимиталдын  аты  ыйгарылсын.

3. Керектүү  иш кагаздарын  даярдоо  жагы    тиешелүү  адистерге  жана мекеме-ишканаларга  тапшырылсын.

4. Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөлдүк  кылуу  жагы  Кара- Таш айыл  Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук  жана регламент”  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                         

 

Н. Джаныбаев