Редакцияот 11.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Таш  айыл  кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз  XXVII cессиясы

 

2019-жылдын 11-апрели № 6

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш айылынын  тургуну  Абдырахман уулу Улукбектин  2019-жылдын  20-мартындагы № А/7 арызынын  жана  айыл тургундарынын чогулушунун  № 1 протоколунун  чечиминин  негизинде

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш айылынын тургуну  Абдырахман уулу Улукбектин  2019-жылдын  20-мартындагы № А/-7  арызын  жана  айыл тургундарынын чогулушунун  № 1 протоколунун  чечимин  карап  чыгып, талкуулап  Кара-Таш  айыл  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш айылынын  тургуну  Абдырахман уулу  Улукбектин  2019-жылдын  20-мартындагы № А/7- арызы канааттандырылсын.

2. Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Кара-Таш айылындагы  аты  жок көчөгө   Матмуратов  Абдырахмандын  аты  ыйгарылсын.

3. Керектүү  иш кагаздарын  даярдоо  жагы тиешелүү  адистерге  жана мекеме-ишканаларга  тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына  көзөмөлдүк  кылуу  жагы Кара-Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук  жана регламент” боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                         

 

Н. Джаныбаев