Редакцияот 11.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Таш  айыл  кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз  XXVII cессиясы

 

2019-жылдын 11-апрели № 7

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кашкулак Уя бөлүмүнүн тургуну  Досбеков Кудайбердинин 2019-жылдын  26-мартындагы № Д/8- арызынын  жана  айыл тургундарынын чогулушунун № 1 протоколунун  чечиминин  негизинде

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кашкулак  Уя бөлүмүнүн  тургуну  Досбеков  Кудайбердинин   2019-жылдын  26-мартындагы  № Д/8 -  арызын  жана  айыл тургундарынын чогулушунун  № 1 протоколунун  чечимин  карап  чыгып, талкуулап  Кара-Таш  айыл  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  Кашкулак Уя  бөлүмүнүн  тургуну  Досбеков  Кудайбердинин   2019-жылдын  26-мартындагы   № Д/8 арызы  канааттандырылсын.

2. Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Кашкулак Уя  бөлүмүндөгү аты  жок көчөгө   Досбеков  Тойчубайдын   аты  ыйгарылсын.

3. Керектүү  иш кагаздарын  даярдоо  жагы    тиешелүү  адистерге  жана мекеме-ишканаларга  тапшырылсын.

4. Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөлдүк  кылуу  жагы            Кара- Таш  айыл  Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук  жана регламент”  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                         

 

Н. Джаныбаев