Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кызыл – Суу айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын XX сессиясы

 

2019-жылдын 11-июну № 1                             

          

2017-жылдын 1-январынан баштап,2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил  аралыгындагы  бюджетинин  түзүлүшү  жана  анын  аткарылышы боюнча   жүргүзүлгөн  аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

 

Кыргыз  Республикасынын  Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү жөнөткөн 2019-жылдын 24-майындагы № 01-12/232 чыгыш катын аткаруу максатында Кызыл-Суу  айылдык  Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кара-Суу  районунун  Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан баштап, 2018-жылдын  31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин  түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктери үчүн кызматчыларга чара көрүүсүн  айылөкмөтүнүн  башчысынан суралсын.

2. Актта  көрсөтүлгөн “МЭДЖИК-КОЛОРС”ЖЧК 2017-2018-жылдагы  келишим боюнча өндүрүлбөй  калган 190,9 миң  сомду  өндүрүү  жагы, Кызыл-Суу  айыл  өкмөтүнүн  башчысына   милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин бюджеттик    комиссиясына  тапшырылсын.

                                                                      

Төрага                                         

 

К. Дадабаев