Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жекенди  айылдык кеңешинин депутаттарынын алтынчы чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

 

2018-жылдын 26-декабры № 8/2

          

Жекенди айылдык аймагынын  2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин  киреше  жана   чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

 

 Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жекенди  айылдык аймагынын  2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгү 16746,4 (Он алты миллион жети жүз кырк алты миң төрт жүз) сомго,  бюджеттин чыгаша  бөлүгү 19393,9 (Он тогуз миллион үч жүз токсон үч миң тогуз жүз) сомго  аткарылгандыгы  жактырылсын.

2.   Жекенди  айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин  чыгаша  бөлүктөрүнүн  аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге  айылдык аймактын башчысы Ж.Колдошовдун доклады  канаатандырарлык деп табылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт,  соода  байланыш,  инвестиция, энергетика  маселелери  жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Ж.Колдошовго жана  финансы - экономика бөлүмүнүн   башчысы  С.Маматовго жүктөлсүн.

 

   Төрага                                        

С. Халилов