Редакцияот 26.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 26-октябры № 14/4

Чүй айылдык Кеңешинин 2018 –жылдын 7 –мартындагы № 12/4 токтомундагы Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү” Чүй  райондук прокуратурасынын сунушун кароо жөнүндө

 

Чүй райондук прокуратурасынын 2018–жылдын 26–сентябрындагы №12/43-18 сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча  башкару  жөнүндөгү” Мыйзамынын  28 –беренесинин 2 –бөлүмчөсүнө ылайык  Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдарынын   талаптарына ылайык  келбегендигине  байланыштуу жана Чүй  айыл өкмөтүнүн  2018–жылдын 7–мартындагы “Жер  комиссиясынын курамы” жөнүндөгү 12/4 токтому жокко  чыгарылсын.

2. Ушул Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө алуу  иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык суроолор боюнча комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Р. Алиев