Редакцияот 06.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 6-марты № 15

Айылдык милиция бѳлүмүнүн имаратын Райондук ички ичтер бѳлүмүнүн балансына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ

 

Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүндѳгү айылдык милиция бѳлүмүнүн имаратын райондук ички ичтер бѳлүмүнүн баласына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү маселени угуп жана талкуулап Жаӊы-Жер айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүндѳгү айылдык милиция бѳлүмүнүн имараты райондук милиция бѳлүмүнүн балансына ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн аймагына айылдык милиция бѳлүмүнѳ ѳзүнчѳ имарат курулгандан кийин, мурдагы айылдык милиция бѳлүмүнүн имараты айыл ѳкмѳтүнүн балансына кайтарылсын.

      

Төрага

К. Баянов