Редакцияот 22.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2020-жылдын 22-январы № 6

№ 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө

 

     № 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү 200 (эки жүз ) сом акчага чектелсин. 

2. № 4 «Наристе» балдар бакчасында көп балалуу, турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген  ата-энелер үчүн төлөм төлөөдө жеңилдиктер берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо   маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр  айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын.

     

 

   Төрага                                          

А.А. Жамгырчиев