Редакцияот 01.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 01-февралы № 01-5/200

Шаардык  Кеңештин  иш-мерчемин  бекитүү  жөнүндө

                                                         

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2020-жылга  аткарылуучу  иштердин иш-мерчеми  долбоорун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүндө” Мыйзамын  жетекчиликке  алып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.  Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-мерчеми № 1 тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.  Шаардык Кеңештин 2019-жылдын 26-февралындагы кезектеги  ХVII сессиясынын  Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2019-жылга иш-мерчемин бекитүү жөнүндө № 01-5/144-токтому аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.

3.  Шаардык Кеңештин 2020-жылга бекитилген иш-мерчеминин пунктарынын аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин жооптуу катчысына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  өзүмө  калтырамын.

                                                

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                         

Я.Т. Абдурахманов