Редакцияот 01.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 01-февралы № 01-5/204

Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2020-жылга штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын 2020–жылга карата түзүлгөн штаттык бирдигин жана бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун, «Бюджет,каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссия төрагасынын окуган корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын  31- беренесин жетекчиликке алып

 

                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, карж-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

 3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2020-жылга карата түзүлгөн бюджеттик киреше  1 950 000 (бир миллион тогуз жүз элүү миң) сом жана чыгаша бөлүгү 1 187 931 сом өлчөмүндө жана штаттык бирдиги № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин  башчысы А Шерматовго жана  эсепчиси Т.Усенбаевге  жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык  Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» жана «Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

                                               

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                         

Я.Т. Абдурахманов