Редакцияот 01.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 01-февралы № 01-5/205

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетун  угуу жөнүндө

 

 Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2019-жыл аралыгында  жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген  отчётун  жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу  комиссияларынын  2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.

2. 2019-жылдын 26-февралындагы  № 01-5/137  жана  № 01-5/139  токтомдору аткарылган  катары  көзөмөлдөн  алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин  “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

                                               

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                         

Я.Т. Абдурахманов