Редакцияот 24.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын Vlll чакырылышынын кезектеги XXVll сессиясы

 

2020-жылдын 24-январы № 7

    

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

                        

Кара-Суу айылдык кеңешинин социалдык жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата иш планы бекитилсин(тиркеме тиркелет).

2. Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Д. Миңбаевге  жүктөлсүн.

                                                          

   Төрага

Т. Малабеков 

               

« Б Е К И Т Е М И Н»

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы     

    ______________  Д. Минбаев

 

08.01.2020-жыл

 

                  Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020- жылга карата  түзүлгөн иш планы

 

К№

Аткарылуучу иш- чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким тарабынан аткарат

жооптуулар

1

2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата иш чараларды иштөө, тиешелүү жарнамаларды илүү жана дубал газеталарды уюштуруу

2020-жылы

А/өкмөтү, айыл башчылар, мекеме ишкананын жетекчилери

Т.Азимбаева

2

Мамлекеттик кызматтарды аткарууда ачык айкындуулук менен иш алып барууну уюштуруу

2020-жылы

А/Ө ,аппарат кызматкерлери

Азимбаева Т

Акматалиева Н.

3

Кара-Камыш көлүнө жана ыйык жерлерге туризмди уюштуруу

2020-жыл май,июнь, июль

А\ Ө,Жайыт ком-и,СВТ  экотуризм

Касымалы у К.

4

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ДЭП-12 ишканасына караштуу жолду жаз- күз  мезгилдерине карата грейдирлеп,сүрүп калыбына келтирип  туруу жагын көзөмөлдөө

2020-жылы

РМА,ДЭП-12,А/Ө айыл башчы

М.Шабданов айыл башчылар

5

Кез-Арт жана Сай-Булун айылдарындагы ички жолду ДЭП-12 ишканасынын карамагына өткөрүү иштерин жүргүзүү

Жыл ичинде

А/Ө, эл, Аркыт т/ч ,айыл башчы

М.Шабданов айыл башчылар

6

Түрдүк айылындагы ички жолду сүрүү, тазалоо жана Жарык-Таш участкасына өтүүчү жолду кенейтүү иштерин жүргүзүү

2020-жыл май

А/О,Жайыт ком-и, айыл башчы, токой чарба 

М.Шабданов айыл башчылар

7

Чат айылынан Турдук айылына өтүүчү электр линиясын РЭСтин карамагына өткөрүү иштерин уюштуруу  

2020-жылы

А/О ,Жайыт ком-и,айылбашчы,эл, Аркыт т/ч

Р.Нээталиев

Түрдүк а/б

8

Аркыт токой чарбасына караштуу Түрдүк, Кара-Суу токой бөлүмдөрү менен иш алып баруу

2020-жыл

А/Ө, Аркыт токой чарбасынын башчысы 

Н.Акматалиева

9

Чат айылындагы К.Кулназаров мектебинин курулуш иштерин улантууну көзөмөлдүккө алуу

2020-2021-жылдарда

РАМ,РайОно, А/Ө, мектеп жет, айыл башчы

Н.Акматалиева Чат айылынын айыл  башчысы

10

Кез-Арт сайындагы ДЭП-12 ишканасына караштуу кооптуу абалда турган көпүрөнү капиталдык ремонттон чыгаруу

2020-жылы

РМА, ДЭП-12, А/Ө айыл башчы

М.Шабданов  айыл башчылар

 

11

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар боюнча кооптуу аймактарды калыбына келтирүү менен тазалоо  иштерин уюштуруу

2020-жылы

А/Ө, айыл башчылар

М.Шабданов  айыл башчылар

 

12

Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы суу өтүүчү чон арыкты жана айыл ичиндеги ички арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү

2020-жылы

А/Ө, айыл башчылар

М.Шабданов  айыл башчылар

 

13

Бечел-Аюу ,Жар-Баскан Терме-Таш суу насосторун капиталдык ремонттон чыгаруу иштерин көзөмөлдүккө алуу

2020-жылы

РМА,Райондук суу чарба башкармалыгы, А/Ө

М.Шабданов

Айыл башчылар

14

Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы эскирген электр мамыларын алмаштыруу иштерин уюштуруу

2020-2021-жылдарда

 

2020-жыл

РМА,РЭС,А/Ө,УЭС,

айыл башчылар

РЭС,УЭС. Айыл өкмөтү

Р.Нээталиев, айыл башчылар

 

15

Атуулдардан түшкөн арыз,

билдирүү, кайрылуу ж.б иш кагаздар менен өз учурунда такай иш алып баруу

Ар дайым

А/Ө,аппарат кызматкерлери,айыл башчылар

Т.Азимбаева

Г.Сагынбаева

16

Чалдыбар айылына караштуу Б.Минбаев мектебине курулуп жаткан  спорт залдардын курулуш иштерин улантуу жана көзөмөл жүргүзүү

2020-жылы май 

А/Ө, Эл, демөөрчүлөр

Н.Акматалиева айыл башчылар

17

Мекеме ишканалардын жылуулук абалын, ремонт иштерин жана кышка карата даярдыктарын көзөмөлдүккө алуу.

Өз учурунда

А/Ө,айыл башчылар, мектеп жетекчилери

Н.Акматалиева

Р.Нээталиев

18

Жалпы айыл өкмөтүнө караштуу ички жолдорго шагыл төгүп, калыбына келтирүү иштерин уюштуруу

Жаз –куз мезгилинде

А/Ө, эл, айыл башчылар

М.Шабданов Айыл башчылар

 

19

Жазгы жер айдоону өз учурунда уюштуруп,ийгиликтүү жыйынтыктоо

Апрель ,май

А/Ө,эл, айыл башчылар

Жер адис Жусупбек у Б Айыл башчылар

20

Жайлоого чыгуучу атуулдардын жазында көчүп чыгуусуна, күзүндө көчүп келүүсүнө көзөмөлдүк кылуу

Жаз-куз мезгилдеринде

А/Ө,айыл башчылар

Өзүбекова В  Айыл башчылар

21

Ыйман,адеп,улуттук каада -салт санааларды,ыксыз чыгымдарды туура пайдалануу жөнүндө иш алып баруу

2020-жылы

А/Ө,мекеме жетекчилери, айыл башчылар

  Т.Азимбаева    Акматалиева Н айыл башчылар

22

ДЭП-12 ишканасына караштуу жолдун 2 чакырым аралыгын  асфальттоо иштерин уюштуруу

2020-жылы

РМА,ДЭП-12,А/Ө

М.Шабданов айыл башчылар

 

23

Коншу айыл өкмөттөрүнүн аралыгындагы чек аралардын бөлүнүшүн тактап,аныктоо иштерин жүргүзүү

2020-жылы

ГИПрозем ,РМА,ГОС регист, А/Ө,Жайытком, Чек ара ком.

Жер адиси,юрист

24

Айыл өкмөтүндөгү ссуда алуучу атуулдарга тиешелүү иш кагаздарын өз учурунда даярдоого жардам көрсөтүү

2020-жылы

А/Ө, айыл башчылар,Жаран коргоо комиссиясы

М.Шабданов  Г.Сагынбаева

Жер адис

25

Кооптуу аймактан сактоо максатында Кез-Арт, Кызыл-Көл, Жүзүмжан, Чалдыбар айылдарындагы тургундарга Кабактын-Дөнүнөн бөлүнүп берилген жерге калкты жайгаштыруу иштерин уюштуруу  

2020-жылыжаз-кузмезгилдеринде

РМА, ДЭП-12, РЭС, А/Ө, айыл башчылар

Жер адиси

М.Шабданов айыл башчылар

 

26

Ар бир айылдардагы кооптуу аймактагы селканаларды жана Ак-Таш сел тосмосун тазалоо иштеринуюштуруу

2020-жылы

ӨКМ, РМА, А/Ө,айыл башчы

М.Шабданов айыл башчылар

 

27

Жайыт пайдалануучу атуулдарга ынгайлуу шарттарды түзүү жана Жайыт комитетинин иштерин көзөмөлдүккө алуу

2020-жылы май,июнь айлары

А/Ө,Жайыт ком-и

Айыл башчылар

Жер адис,

А.башчылар

28

Калк пайдалануучу суугат суу өтүүчү алыштын баштарын калыбына келтирүү, суугат суу өтүүгө ынгайлуу шарттарды түзүү

2020-жыл апрель,май

А/О,айылбашчылар

М.Шабданов А.башчылар

29

Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жер көчкү пайда болгон кооптуу жерлердин алдын алуу менен “Жашыл” долбоор аркылуу королоо иштерин жүргүзүү

2020-жылы

А/Ө,айылбашчылар

М.Шабданов А.башчылар

30

Топ-Жангак,айылына караштуу Токой ,Жаны –Айыл участокторундагы суу алып кетүү коркунучунда турган жерлерге дамба курууну ишке ашыруу

2020-жыл

ӨКМ,РМА,А/Ө ,айылбашчылар

М.Шабданов А.башчылар

31

Кара-Сууайылөкмөтүнө караштуу борбордук маданият үйүн капиталдык ремонттон чыгаруу иштерин жүргүзүү

2020-2021-жылдарда

Маданмин, РМА. А/Ө

Акматалиева Н Маданият кызматкери

32

Улушжерлердимаксаттуупайдалануу иштерин көзөмөлдөө

2020-жыл

А/Ө,айылбашчылар,эл

Жер адиси А.башчылар

33

Жеке менчик үчүн  17 турак жайларды курууну уюштуруу

2020-жыл

А/Ө ,айыл башчылар

Жер адиси а.башчылар

34

Айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу ар бир айылдагы таштандыларды өз учурунда ташып чыгаруу иштерин уюштуруу

2020-жыл

 А/Ө, айыл башчылар

Акматалиева Н Топ-Жангак айыл башчысы

35

Кабактын-Дөнүндөгү  суу өтүүчү ноолорду суу чарба ишканасы менен биргеликте ондоп- түзөп,   калыбына келтирүү жана ишке берүү

2020-жыл

Суу чарба жетекчилиги, А/Ө, айыл башчылар,

Жер адис,

 айыл башчылар

 

36

Кабактын –Дөнүндөгү такталбаган жер тилкелерин комиссия менен биргеликте тактоо

2020-жыл

А/Ө, жер комиссиясы 

Жер адис

Айыл башчылар

37

Топ-Жангак айылына караштуу Кабактын-Дөнү участкасындагы таштанды таштоочу жайды королоо иштерин жүргүзүү

2020-жыл

А/Ө ,айылбашчылар

Акматалиева Н

Жумабаев Э

Айыл башчылар

 

38

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги көйгөйлүү, жогору жактан чечилүүчү маселелерди өз учурунда тиешелүү жетекчиликтерге жеткирүү  иштерин жүргүзүү 

Жыл ичи

А/өкмөтүнүн аппараты

 

Т.Азимбаева жана

бардык адистер

39

“Кооптуу аймак”долбоорунун алкагында  ички жолдорду жана айыл ичин жарыктандырууну колго алуу

Жыл ичинде

А/Ө,демөөрчү,эл, айыл башчы  

Акматалиева Н

айыл башчылар

40

Топ-Жангак айылындагы Жаркынайым эс алуу багына тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү

Жыл ичинде

А/Ө, айыл башчылар

Тилекбаев Т

Абдижапар у С

Жер адис

41

Үрөөн чарбасын уюштуруу жана  иш алып баруу жагын көзөмөлгө алуу

Жыл ичинде

А/Ө, үрөөн чарбасынын башчысы

Жер адис, айыл башчылар

42

Айыл аймагындагы бош жаткан жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү

Жыл ичинде

А/Ө, айыл башчылар

Акматалиева Н, Жер адис айыл башчылар

43

Айыл аймагында ишкерликти өнүктүрүү менен кошумча соода түйүндөрүн,чакан ишканаларды ачуу

Жыл ичинде

А/Ө, айыл башчылар

Ызабеков Э

айыл башчылар

44

Топ-Жангак айылына караштуу А.Жаныбеков мектебине ашар ыкмасында курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерин жана кичи футболдук аянтчаны баштоо

2020-2021-жылдарга

А/Ө, эл , демөөрчүлөр,

Акматалиева Н

Жумабаев Э

45

Жыл ичиндеги даталуу күндөрдү өз учурунда уюштуруп белгилөө иштерин жүргүзүү

2020-жыл

А/Ө, айыл башчылар

Акматалиева Н

Касымалы у К

46

9-май Жениш күнүнүн 75 жылдыгына карата эстеликти жасалгалоо иштерин жүргүзүү

2020-жыл

А/Ө, айыл башчы, маданият кызматкерлери

Акматалиева Н

Касымалы у К

47

17-март Аксы окуясынын эскерүү күнүн уюшкандыкта өткөрүү

2020-жыл

А/Ө, айыл башчы, маданият кызматкерлери

Акматалиева Н

Касымалы у К

48

Сай-Булун айылына караштуу Семиз-Бел жайлоосуна жол салуу иштерин жүргүзүү

2020-жыл

А/Ө, Аркыт токой чарбасы, Жайыт комитети

М.Шабданов

М.Мамбетов

49

Жүзүмжан айылына караштуу Ак-Таш участкасына жол салуу иштерин жүргүзүү

2020-жыл

А/Ө,эл, жайыт комитети

М.Шабданов

А.Наркулов

50

Залкар акын Женижоктун 160 жылдык мааракесине карата даярдыктарды көрүү жана музейди толук ремонтон чыгаруу иштерин уюштуруу

2020-жыл

А/Ө, маданият кызматкерлери

Акматалиева Н

Касымалы у К

51

Чат айылына ФАП куруу иштерин уюштуруу

2020-2021-жылдарга

А\Ө,эл, Аркыт токой чарбасы, демөөрчү

Акматалиева Н

 Керимбаев С

52

7-апрель элдик революциянын 10 жылдык мааракесин уюшкандыкта өткөрүү

2020-жыл

А/Ө, айыл башчылар

Акматалиева Н

53

Коомдук тартипти көзөмөлдүккө алуу

2020-жыл

А/Ө, айыл башчылар

Акматалиева Н

54

Таза суу долбоору аркылуу ар бир айылга таза суу алып келүү жана таза суу менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүү

2020-жыл

А/ө башчысы, токой чарба, айыл башчылар

Акматалиева Н

Айыл башчылар

 

 

Даярдаган ӨК боюнча адис:                              Шабданов  М.