Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги он жетинчи сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 17-1

    

 Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы № 4-6 токтомун өзгөртүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентине ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы № 4-6 токтомун өзгөртүү жөнүндөгү Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы № 4-6 токтомундагы “Кызыл-Сеңир айылынын Көк-Булак участкасы” сөзү- “Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасы” жана “Кызыл-Сеңир айылынын тургундарынын” сөзү “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарынын”  болуп өзгөртүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

                                              

   Төрага

А. Маканбаев