Редакцияот 25.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги  XII сессиясы

 

2019-жылдын 25-декабры № 11

    

  Чоң-Сай айылындагы “Шүмгөк арык ” суугат системасынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде,  кошумча жумуштарга  каражат кароо жөнүндө

 

  Чоң-Сай айылындагы “Шүмгөк арык ” суугат системасынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасын даярдоо үчүн, кошумча жумуштарга  каражат кароо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык аймагынын ФЭБ башчысы А. Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Сай айылындагы “Шүмгөк арык ” суугат системасынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасын даярдоо үчүн, кошумча жумуштарга  540 000 (беш жүз кырк миң) сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Н. Жакыев