Редакцияот 25.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2019-жылдын 25-декабры № 2

    

Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ФЭБнун башчысы Т. Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 311 беренесинен 211 беренесине 23,8 миң сом акча каражатын жылдыруу жагы Чаткал аймактык каржы башкармалыгынан № 1 тиркемеге ылайык суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын Ф.Э.Б. башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

    Төрага

 И.К. Ажакматов