Редакцияот 13.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын  VIII чакырылышынын кезексиз   ХХIХ  сессиясы

 

2020-жылдын 13-марты № 2

    

 Бадачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана көчүп келүүсү, бада  акысы  жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Мамакеевдин  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бада акысы койго жана эчкиге айына 70 сомдон болуп, жоголгон койго-козу, козуга 3000 сом, ал эми эчкиге-улак, улакка 1500 сом төлөнүп берилсин.

2. Ар бир атуул жайлоого 10-майдан кечикпей көчүп барып, кайра 5-сентябрдан кийин жайлоодон кайтаары боюнча ар бир бадачыга милдеттендирилсин.

3. Жайлоого чыккан атуулдарга жана бадачыларга маалыматты жеткирүү жагы айыл башчыларга, кураторлорго жүктөлсүн.

 

    Төрага

 Т. Малабеков