Редакцияот 13.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясы

 

2020-жылдын 13-марты № 4

    

Жашоочулардын шагал, топурак алуу боюнча суроо талабын аткаруу жөнүндө

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Экологияга зыян келтирбей, суунун жээктерин тазалап шагалдарды чыгартуу жагы белгиленсин.

2. Суунун жээктерин тазалап, эл үчүн шарт түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевге жүктөлсүн.

 

    Төрага

 Т. Малабеков