Редакцияот 13.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясы

 

2020-жылдын 13-марты № 7

    

УОС тун балансында турган Ак-Терек насосунун абалы боюнча

    

Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Керимкуловдун  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. УОС тун балансында турган Ак-Терек насосу жайгашкан жер жайытка караштуу болгондуктан, Ак-Терек насосу ээлеп турган жерге токтом чыгарылып берилбесин.

      2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н.Жаркынбаевге жүктөлсүн.

 

    Төрага

 Т. Малабеков