Редакцияот 23.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы

 

2019-жылдын 23-октябры № 2

    

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек ара аймагында жайгашкан Баястан айылындагы “Кызыл-Кол” участкасынан Эркин экономикалык аймак ачуу чаралары  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек-ара аймакта Эркин экономикалык аймак  ачууга  жер аянтын ажратып берүү максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ала-Бука району Ак-Коргон айыл аймагында жайгашкан Баястан айылынын Өзбек Респуликасы менен чектеш чек-ара аймакта жайгашкан “Кызыл-Кол” участкасынан Эркин экономикалык аймак ачуу үчүн 68,30 га жер аянты ажратып берилсин.

2.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

3.  Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө  жүктөлсүн.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.

 

    Төрага

 М. Инамов