Редакцияот 23.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы

 

2019-жылдын 23-октябры № 4

    

Ак-Коргон айыл аймагындагы кыш заводун жер аянтына ижара акысын белгилѳѳ жөнүндө

 

 Ак-Коргон айыл аймагындагы жаӊы куруп ишке түшүрүлгөн кыш заводунун жер аянттына ижара акысын мыйзамдуу белгилѳѳ  максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ак-Коргон айыл аймагында жаӊы куруп ишке түшүрүлгөн кыш заводунун жер аянттарын тактап, ижара акысын белгилүү үчүн айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнөн турган комиссия жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары, киреше бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүнжер адисинен турган  атайын комиссия түзүлсүн .

2.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

3.  Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө  жүктөлсүн.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.

 

    Төрага

 М. Инамов