Редакцияот 02.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV  шайланган депутаттарынын  кезектеги ХХХIII сессиясы

 

2019-жылдын 2-декабры № 7

    

Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик  айылындагы  № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски корпусун жана ФАПтын имаратын  бузуу  жөнүндө

     

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын  кезектеги  XXХIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик  айылындагы  № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски корпусун жана ФАПтын имаратын бузуу үчүн төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:

К. Эпеев:              - айыл өкмөт башчы, комиссиянын төрагасы;

С. Мурзабеков:   - айыл башчы, төраганын орун басары;

Мүчөлөрү:

Ө. Чоялиев:                - жергиликтүү кеӊештин депутаты;

С. Абдрахманова:      - жергиликтүү кеӊештин депутаты;

Э. Апыкеев:                - жергиликтүү  кеӊештин депутаты;

Муса у Ж:                   - жер адис;

М. Чолпонкулов:        - аксакалдар сотунун төрагасы;

Б. Кураналиева:-       -  №6 Бирдик орто мектебинин директору;

Б. Нурманбетова:      - ФАПтын башчысы;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

    Төрага

 С.Топоев