Редакцияот 03.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV  шайланган депутаттарынын  кезектеги ХХХV сессиясы

 

2020-жылдын 3-февралы № 3

    

Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоор боюнча Арал айылындагы элдик чогулушунун протоколдорун  бекитип берүү  жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын  кезектеги XXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан № 3 Бейше Υрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин билим берүү технологиясын жакшыртуу жана класстык эмеректерин алуу боюнча 100 000 (Жүз миӊ) сом өздүк салым суроо долбоору сунушталсын

2. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын жалпы элдик чогулушунун токтому жактырылсын. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин  бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

    Төрага

 С.Топоев