Редакцияот 19.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы   

 

        2020-жылдын 19-майы № 4

    

Айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасын сатууга коюу жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасын сатууга коюу жөнүндөгү маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек у Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ВАЗ-21214 үлгүсүндөгү 1740 DA номерлүү, чыгарылган жылы 2008, түсү ак, кыймылдаткычтын номери 8685923, кузовдун № ХТА 21214081882531, каттоо күбөлүгүнүн АВ 606935 кызматтык автоунаасынын белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү жеткендигине байланыштуу аукцион аркылуу сатууга коюга макулдук берилсин.

2. Аукционду уюштуруп, өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек у Бакберген милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев