Редакцияот 24.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 24-марты № 1

    

Кырдаалга байланыштуу Коронавирус оорусунун алдын алуу  иш чараларына акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин кезексиз  XXVII чакырылышынын   XXXII сессиясы күн тартибиндеги  маселени угуп  жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүндөгү 2215 статьясында өзгөчө кырдаалга каралган 550000 (беш жүз элүү миң) сом акча  каражаты,  кырдаалга байланыштуу  Коронавирус оорусунун алдын алуу иш чараларына колдонулсун.

2. Буйрукту аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

    Төрага

Э. Мансиркулов