Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 2

    

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги  ХХI сессиясынын күн тартибиндеги, экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К. Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги ХХI сессиясы              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жол айылдык  Кеңешинин 2020-жылга карата кабыл алган иш планы  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ак-Жол айылдык Кеңешинин кабыл алынган иш планы белгиленген графиктин негизинде үзгүлтүксүз өткөрүү жагын көзөмөлдөө Ак-Жол   айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловко милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев

Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги

ХХI -сессиясынын № 2-токтому менен бекитилди.

 

Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин vıı-чакырылышынын депутаттарынын

2020-жылга карата  И Ш    П Л А Н Ы

 

 

 

 

 

 

 

№

                             Аткарылуучу иштин мазмуну.

Өтүү мөөнөтү

Ким жооптуу

Докладчы

1

1.

Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2019-жылдын 27-декабрында кабыл алынган 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн  бекитүү

январь 

туруктуу комиссия

Туратбек у Б, Эшалиев Э

 

2

Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин 2020-жылга карата кабыл алган иш планын бекитүү.

январь 

жооптуу катчы

К.Сатыбеков

 

3

Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жыл -Региондорду  өнүктүрүү ,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата  түзүлгѳн социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү.

январь 

ѳкмѳт башчы

Б.Мырзагулов

 

4

Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2020-жылга карата бюджетин бекитүү.

 январь

туруктуу комиссия

Н.Молдобаев Т.Нурманбетов

 

5

Ар түрдүү маселелер: 5/1 Хельветас уюмунун 2020-жылга карата  окуу тренингдерин жана  иш чараларын өткөрүүгө бөлүп берген 188400 сомакча каражатын бекитип берүү жөнүндө

январь 

айыл өкмөтүнун өкүлү

А Сатыбалдиев

2

2

Ак-Жол айыл аймагындагы  калктуу конуштардын тургундарынын 2005-жылы системалык каттоо убагында туура эмес каталгандарды тактоо жөнүндө 

январь 

турак-жай адиси

Ы Молорбаев

 

3

«Тосой эл аралык соода өндүрүш фирмасы» ЖЧКсынын генералдык директору С. Т.Тургуновдун  арызын кароо жөнүндө .

январь 

турак-жай адиси

Ы Молорбаев

 

4

Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер,айып чегерүү акылары боюнча чыккан  буйрукту  кароо ,бекитүү

январь 

жайыт комитети

Р Молорбаев          Н Молдобаев  Т Суеркулов

 

5

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган  мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө 

январь 

турак-жай адиси

Ы Молорбаев

 

6

«Ак-Жол  Плейсер » ЖЧКсынын кайрылган кайрылуусу жөнундө  

январь 

турак-жай адиси

Ы Молорбаев

 

7

Ак-Жол айыл аймагынын «Ардактуу атуулу «наамын ыйгаруу жөнүндө 

январь 

 

 

2

1

Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо.

апрель

туруктуу комиссия

Бакеев Ж, Жусупбаев Т

 

2

Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы калктуу конуштар боюнча тейлеген Жаны-Жол ПОМунун кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.

апрель

туруктуу комиссия

У.Куттубаев, участкалык инспектор

 

3

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата айыл аймагындагы мектептердеги соц.педагогдордун жүргузгөн иштери жөнүндө

апрель

туруктуу комиссия

У.Куттубев, Г.Бектеналиев

 

4

Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнун алдындагы  Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жургузгон иши,базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жонундо

апрель

туруктуу комиссия

Э.Эшалиев, Н.Мырзабеков

 

5

АК-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында жүргүзүлүп иштер жөнүндө .

апрель

Айыл өкмөтү 

айыл башчылар, соц.адис, соц.кызматкер. Түзүлгөн комиссия

 

6

Ар түрдүү маселелер:

апрель

 

 

3

1

Ак-Жол айыл аймагындагы Ак-Жол , Райкомол айылдарында элди тейлеп жаткан тиш дарыгерлеринин элди тейлөөсү жана жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө 

август

туруктуу комиссия

Ж.Рыспаев, Казыбекова С

 

2

М.Сыдыков , О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү, Ж.Орозалиев негизги билим берүүчү,  А.Жуманазаров атындагы  башталгыч мектептеринин жаны окуу жылына карата даярдыгы жана мектеп жетекчилеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө.

август

туруктуу комиссия

Ж.Рыспаев, мектеп жетекчилери

 

3

Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ.

август 

туруктуу комиссия

М.Азимбеков Ж.Бакеев К. Кулматов

 

4

Шынаа айылындагы спорт залдын абалы ,жаштарды тейлөөсү, андан түшкөн жыйымдардын иштетилиши.

август

туруктуу комиссия

М.Азимбеков Ж.Бакеев К. Кулматов

 

5

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкаларынын абалы, шайлоого карата даярдыгы жонундо. 

август

айыл өкмөтү 

Сатыбеков К, айыл башчылар

 

6

Ар түрдүү маселелер.

август

 

 

4

1

Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн салык кызматкерлеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгѳн иштеринин абалы жѳнүндѳ.

ноябрь

туруктуу комиссия

Н.Мырзатаев, Э.Эшалиев, А.Станбеков

 

2

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы. Майыптар менен иштөөнүн абалы, калктын аялуу катмарына берилип жаткан жардамдар жөнүндө.

ноябрь

туруктуу комиссия

Ж.Рыспаев, С.Казыбекова А.Сатыбалдиев

 

3

Айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун, спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер  жѳнүндѳ.

ноябрь

айыл өкмөтү

Жаштар комитети

 

4

Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бѳлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгѳн иштери, элди тейлѳѳдѳгү абалы.

ноябрь

туруктуу комиссия

Ж.Кулжабаев  Э.Эшалиев

 

5

Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун 2020- Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүргүзгөн иши жөнүндө жылдык отчету 

ноябрь

 

Б.Мырзагулов

 

 

 

 

 

 

 

 

              Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы :                                                                                 К.Сатыбеков.