Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 1/3

    

2019-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сесcиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 1-январына карата калган 8653,5 (сегиз миллион алты жүз элүү үч миң төрт жүз сексен бир) сом 26 тыйын калдык акча каражаты № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев