Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 5/1

    

“Хелветас” уюмунун 2020-жылга карата окуу тренингдерин жана иш чараларын өткөрүүгө 188 400 сомго акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө

Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  XXI сессиясынын күн тартибиндеги  5/1- маселеси боюнча айыл Өкмөттүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин “Хелветас” уюмунун 2020-жылга карата окуу тренингдерин жана иш чараларын өткөрүүгө 188 400 сомго акча каражаттарын бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын   кезектеги  XXI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Хелветас” уюмунун 2020-жылга карата окуу тренингдерин жана иш чараларын өткөрүүгө пландаштырылган 188 400 сомго акча каражаты бекитилип берилсин.

2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Хелветас” уюмунун жергиликтүү координатору А.Сатыбалдиевке окуу-тренигдерин уюштуруу жагы милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев