Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 5/5

    

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги  XXI сессиясынын күн тартибиндеги  5/5-маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы. Молорбаевдин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө, билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга такталган Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестри бекитилсин.

2. Жыл ичинде жаӊыдан курулуп жаткан социалдык объектилер өткөрүп алуу актысынын негизинде муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрине киргилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев