Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 5/6

    

“Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын жетекчисинин кайрылган кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  XXI сессиясынын күн тартибиндеги  5/6 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы. Молорбаевдин “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын жетекчисинин кайрылган кайрылуусун кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын   кезектеги  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бул “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын кызматкерлери менен Шынаа айылынын тургундарынын жолугушуусунун кабыл алынган элдик жыйындын токтому негиздүү деп табылсын.

2. Жергиликтүү тургундардын макулдугусуз жер аянтын бөлүп берүү боюнча иш аракеттер жүргузүлбөсүн.

 

    Төрага

Т. Батыралиев