Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 5/7

    

Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын күн тартибиндеги 5/7 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Ак-Жол айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн Тегене айылынын тургуну Оңолов Келсинбек Турсуналиевичке  Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, наамды тапшыруу аземин уюштуруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев