Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 5/8

    

Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын кайрылуусу жөнүндө

 

Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  XXI сессиясынын күн тартибиндеги  5/8 -маселеси боюнча Ак-Жол айылдык кенешинин депутаты Базарбаев Жолдошбектин билдирүүсүн жана Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын кайрылуусун угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII чакырылышынын   кезектеги  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл депутаттарынын Аксы райондук Кеӊешинин 26.06.1995-жылдагы II-сессиясында кабыл алынган № 2/9 токтому Жалал-Абад областык Кеӊеши аркылуу белгисиз себептерден улам каралбай калып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине бул маалыматтын жетпей калгандыгы анык деп табылсын.

2. Аксы райондук Кеӊешинин 26.06.1995-жылдагы II-сессиясында кабыл алынган № 2/9 токтомунун 3-пункту менен Кара-Жыгач-Ак-Жол айылдык кеӊештеринин Кызыл-Бейит айылын мыйзамдуу өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү маселеси калктуу конуштар менен гана чектелип калып, жайыт жерлери камтылбай, учурда жайыт аянттары айыл өкмөттөр аралык талашка түшкөндүгү белгиленсин.

3. Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын Ак-Жол айыл аймагындагы башка бардык айылдар менен жакын туугандык мамилеси, уруулаш, танапташ эл экендиги, ысык-суугу бир жана бир эл экендигин эске алып Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан бул маселени оң жагына чечип берүү жагы суралсын.

 

    Төрага

Т. Батыралиев