Редакцияот 04.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы

 

2020-жылдын 4-марты № 3

    

Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндө        

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын   кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 3 “Кызыл Жылдыз” орденинин ээси Ак-Жол айылынын тургуну Сапаралиев Бекмырзанын ысымы Ак-Жол айылынын борборундагы эс алуу паркына ыйгарылсын.

2. Эс алуу паркына ыйгарылган ардагер Сапаралиев Бекмырзанын жакындарына эс алуу паркын жолго коюуга жакындан жардам берүүлөрү милдеттендирилсин.

 

    Төрага

Т. Батыралиев