Редакцияот 11.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы

 

2020-жылдын 11-марты № 35/3

    

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  27.01.2020-жылдагы № 1-12/20  кайрылуу  каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата ооган согушунун катышуучусу Темирбаев Сыргабек Нарбаевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн ээлеген кызматында, элдин сый-урматына татып, өз жумушун жакшы билген, кесибин сүйгөн Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын статистика боюнча башкы адиси  Сафина Мунира Султановнага «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

    Төрага

Б. Маткаримов