Редакцияот 24.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХVI сессиясы

 

2020-жылдын 24-апрели № 36/1

    

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 22.04.2020-жылдагы № 1-12/260  кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Cоциалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги тарабынан Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 74,0 (жетимиш төрт миң) сом акча каражатын бүгүнкү күнгө өзгөчө абал киргилизгендигине байланыштуу өтө муктаж үй-бүлөөлөргө азык түлүк сатып алуу жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Cоциалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги тарабынан Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын атайын эсеп счетуна, киреше бөлүктүн 14411100 «Учурдагы жардам» беренеси менен түшкөн 74,0 (жетимиш төрт миң)  сом акча каражатын бүгүнкү күнгө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өтө муктаж 92 үй-бүлөөгө 800 сомдон азык түлүк сатып алуу үчүн (2218-беренесине)  бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

    Төрага

Б. Маткаримов