Редакцияот 15.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-апрели № 01-5/229

 

Кочкор-Ата  шаар  мэриясынын кайрылуусун  кароо жөнүндө

      Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “ коронавирус ” инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу жана жол бербөө боюнча   ыкчам чараларды көрүүнү ишке ашыруу максатында, 2020-жылдын 22-28-29-марты жана 4-5-7-11-12-апрель иш күндөрү деп белгиленгендигине байланыштуу, шаардык Кеңештин, шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине, ММБД жана Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине иштеген күндөрүнө  айлык маянага акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2020-жылдын 10 жана 14-апрелиндеги  № 01-36/649, № 01-36/669 сандуу кайрылууларын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу  комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын  «Бюджеттик Кодексин »  жетекчиликке алып                                             

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 10 жана 14-апрелиндеги  №01-36/649, № 01-36/669 сандуу кайрылуулары канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин  “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”   туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.   

3. 2020-жылдын 22-мартынан тарта  өзгөчө кырдаал токтотулганга чейин   шаардык Кеңештин жана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине, ММБД жана Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине  иштеген  күндөрүнө  айлык маянага акча каражаты бөлүнүп берилсин. 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.      

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”  туруктуу  комиссиясына  тапшырысын.

 

    Төрага

Я.Т. Абдурахманов