Редакцияот 15.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-апрели № 01-5/230

 

Кочкор-Ата  шаар  мэриясынын  №01-36/650 сандуу кайрылуусун  кароо жөнүндө

      Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, атайын каражат боюнча балдар бакчасынын ата-энелерден түшкөн  акча каражаты 2020-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен 1 132 000 (бир миллион бир жүз отуз эки миң) сом акча каражаты балдар бакчасынын тамак аш чыгымына  бөлүп берүү боюнча  2020-жылдын 10-апрелиндеги  № 01-36/650 сандуу кайрылуусун, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин « Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу  комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын  «Бюджеттик Кодексин»  жетекчиликке алып                                              

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-36/650 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”   туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

3. Атайын каражатка ата-энелерден түшкөн  акча каражатынан 2020-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен 1 132 000 (бир миллион бир жүз отуз эки миң) сом акча каражаты балдар бакчасынын тамак-аш чыгымына бөлүнүп берилсин. 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.      

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана  “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият,  спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

    Төрага

Я.Т. Абдурахманов