Редакцияот 15.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-апрели № 01-5/232

 

Санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасы тарабынан 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 01-10/29 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча » туруктуу  комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын  “Бюджеттик Кодексин”  жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 01-10/29 сандуу кайрылуусу  канааттандырылсын.

2. «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

3. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасын  252500 (эки жүз элүү эки миң беш жүз) сом акча каражаты менен камсыздоо шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттен-дирилсин.  

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

    Төрага

Я.Т. Абдурахманов