Редакцияот 15.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-апрели № 01-5/235

 

Элдик кошуунду уюштуруу жөнүндө

      Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетинин таралуусун алдын алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Кочкор-Ата шаарынын Эл башысы Ж.Курбаналиевдин кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”  туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып                                                                                      

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Эл башысы Ж.Курбаналиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”  туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын. 

3. Өзгөчө кырдаал шартына байланыштуу, шаар аймагындагы блок посттордо ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүн уюштуруу жана алардын тамак-ашына керектелүүчү акча каражатын каржылоо шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

    Төрага

Я.Т. Абдурахманов