Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 282 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 13-февралы ПЖ № 63
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө
Жобону бекитүү тууралу
Башкаруу системасын өркүндөтүү, мамлекеттик өзгөчө мааниси бар объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күч жана каражаттарды топтоо, Кыргыз Республикасынын коопсуздугу жагында мамлекеттик башкарууну андан ары оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы ушул Жарлыктан келип чыккан тийиштүү уюштуруу маселелерин чечсин жана өз чечимдерин ага ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 1996-жылдын 29-октябрындагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу";
- 2002-жылдын 12-декабрындагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 29-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
- 2004-жылдын 21-августундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 29-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Указына толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |