Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2006-жылдын 20-марты ПЖ № 130

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин эмгек акы шарттары Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган айрым категориядагы кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, эмгек акысын жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кызматкерлердин эмгек акысы 2006-жылдын 1-апрелинен баштап:

- социалдык төлөмдөр жана үйлөрдөгү социалдык кызматкерлер боюнча борборлордо - 50 процентке;

- кары картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөрүндө - 15 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев