Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык                          КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-марты ПЖ №139

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

             2006-жылдын 24-мартындагы майрам күнү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясына ылайык  жана

2005-жылдын 24-мартындагы    окуялардын   бир   жылдыгына   байланыштуу

2006-жылдын 24-мартында боло турган улуттук майрамды,  ошондой эле буга

байланыштуу Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн сунушун эске алып жана ал

мыйзам жөнгө салынганга чейин токтом кылам:

     1. 2006-жылдын 24-марты Кыргыз Республикасынын аймагында элдик ре-

волюциянын күнү жана жумушчу эмес майрам күнү деп жарыялансын.

     2. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү жыл сайын 24-мартты жумушчу эмес

майрам күн катары белгилөөнү караган тийиштүү  мыйзам  долбоорун  иштеп

чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

не киргизсин.

     3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

     4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.