Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-июлу ПЖ №340

 

                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

                                ЖАРЛЫГЫ

 

         Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын

                        кызматкерлеринин эмгек

                 акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

 

   Республиканын  социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлерине

материалдык дем берүү, ошондой  эле алардын  кесиптик  беделин көтөрүү

максатында токтом кылам:

   1.  Эмгек  акысы  Бирдиктүү гарифтик торчо менен аныкталган  илимий

мекемелеринин  кызматкерлеринин  эмгек  акысы  2006-жылдын   1-июлунан

баштап 20 процентке жогорулатылсын.

   2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

   -  ушул  жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды  издеп

тапсын.

   - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

   3.  Бул  Жарлыктын  аткарылышына контролдук  кылуу  милдети  Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

   4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

   Кыргыз Республикасынын

   Президенти                                    К.Бакиев