Редакцияот 11.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү кезектеги кеңешмесинин токтому

2020-жылдын 11-августу № 167

Өмүралиев айыл аймагындагы Манас айылынын Аккоргон участогундагы жашап жаткан элдин арызынын негизинде Талас дарыясынан Мандай участкасына мал өтүүчү көпүрө салуу үчүн жер участогун бөлүп берүү максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү кезектеги кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас айылынын Аккоргон участогундагы жашап жаткан элдин арызынын негизинде Талас дарыясынан Мандай участкасына мал өтүүчү көпүрө салуу үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага:

У.Алмолдоев