Редакцияот 20.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы

2019-жылдын 20-марты № 6

Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директоруну жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директорунун жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директорунун жазган кайрылуусу канаатандырылсын.

2. Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин жылуулук берүүчү казандарын, электрощиттерин, проводдорун, кабелин , насосторун алмаштыруу үчүн сметанын негизинде 536 130 ( беш жүз отуз алты миң бир жүз отуз ) сом 2018-жылдан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов