Редакцияот 27.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясынын

 

2019-жылдын 27-апрели № 37

Чоң-Токой айылынын элинин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Чоң-Токой айылынын элинин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Токой айылынын элинин жазган кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Чоң-Токой айылындагы жайдын тегерегин зым тор жана  казыктар менен курчоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов