Редакцияот 27.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы

2019-жылдын 27-апрели № 38

12.05.2017-жылы чыккан №100 токтомун кайрадан бекитүү жөнүндө

12.05.2017-жылы чыккан № 100 токтомун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айылдык кеңеши тарабынан чыккан 2017-жылындагы 12- майындагы №100 сандуу токтому күчүндө калтырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагынын А.Бөрүбаев , Жумагул уулу Алымкул орто мектептеринин жана Сасык-Булак айылындагы маданият үйүнүн ремонтунун сметасын түзүү үчүн 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов